Биз социалдык тармакта

Спикер Дастанбек Жумабеков Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басарына: "Дастан" дегенде завод деп сүйлөсөңүз"

Спикер Дастанбек Жумабеков Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевге "Дастан" дегенде завод деп сүйлөсөңүз" деп кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Дастан" дегенде "Дастан" заводу деп сүйлөсөңүз. Бул жерде Дастан Далабаевич (ред. Дастан Бекешев), мен отурам. Туура эмес түшүнүк болуп калып жатат", - деди ал.

Кедеев бул үчүн кечирим сурады.

Ага чейин Нурсеит Кедеев Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатканда "Дастан" заводу тууралуу айтып жатып, завод деген сөздү кошпой айткан.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен орусиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nazarnew
2020-06-11 18:02:52
Кучка отбростор и мусорлор, силерге миллиард наалат. Тынчып эле калгылачы.
+10
XATSAN125
2020-06-11 18:07:54
Дед общение болуп атабы ошондо
+3
algakaray
2020-06-11 19:34:16
Франкфурт.
+1
souza.j
2020-06-11 20:01:54
На маяне
+1
futboler
2020-06-11 20:17:56
Мы здесь кукурузы не охраняем десе керек)))
+2
Agayu
2020-06-11 20:27:48
Дастан красавчик , атты шуулдап минет, сөздү адашпай сүйлөйт , Орусчаны китептегидей окуйт , бирөөлөрдүн каталарын оңдоп турат , жакшы иштеп аткан адамдардын ишин көрүп турат , жаман жагын көрбөйт .Кыргыздын ПАТРИОТТУ ДЕП УШУНУ АЙТЫШ КЕРЕК
+2
ilgizk
2020-06-12 01:25:23
Дастан жана Майне шаарлары ...
0
Krai
2020-06-12 02:44:11
Бир макал эсиме келип кетти.
Көр көзүнө алат
сакоо сөзүнө алат
Жаман өзүнө алат
0
vikidiki
2020-06-12 22:15:47
Келинди тергеткендей эле болуптур анда!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан