Биз социалдык тармакта

Өкмөт: "Жакынкы күндөрү "Коопсуз шаар" унаада бел курду такпай, телефон колдонуп бара жаткандарды да каттайт"

Бүгүн, 11-июнда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн-брифингде маалымат берип жатып, айнектери тонировка болгон унаалар "Коопсуз шаар" долбоорунун толук шартта иштешине тоскоол болуп жатканын айтты. Асрандиевдин айтымында, "Коопсуз шаардын" камераларын унаада бел курду такпай, кол телефонун колдонуп бара жаткандарды да тарта тургандай системде иштетүү пландары бар.

"Унаанын терезелерин караңгылатуу коопсуздукту сактоого терс таасир берери айтылып келе жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер да буга бир катар аргументтерди келтирип жүрүшөт.

Унаанын алдыңкы терезелери караңгылатылган учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун бардык функцияларын иштетүү кыйынга турат. Алдыда бул долбоор унаанын ичинде бел курду такпай келе жаткандарды, машина айдап бара жатып телефон аркылуу сүйлөшкөндөрдү да каттай тургандай системде иштейт. Бирок унаанын айнектери караңгылатылган учурда бул абалдар камерага көрүнбөй калат", - деди Асрандиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tolkun555
2020-06-11 21:47:06
Элден кантип акча ондуруунун жолун издебей,наоборот канткенде элге жардам беребиз деп ойлонушунар керек
+9
nurbek56
2020-06-11 21:49:13
чынын айтканда з/б экенсинер карапайым элдин канын соргондон башка иш кылышты билбеген окмот мамлекет болдунар баарыны жок кылыш керек пайдасы жок мите курттар
+7
Alixan-Nookat.2015
2020-06-11 22:13:10
Элдин канын соруунун дагы эки ыкмасы кошулат экенда.
+1
Raatbek700
2020-06-11 22:55:33
Такси болуп эмгектенген жарандар навигатор менен журотко
0
aman0296
2020-06-12 14:36:19
Raatbek700,анан?
0
Kuban-1207
2020-06-11 23:19:06
Ушул эле жетишпей аткан элге бирди көрөт бийликтегилер
+2
Krai
2020-06-12 01:54:44
Кыйынсынаар силер кыласыңар. Керек болсо алдыдагы жүргүнчүнүн колу каякта жүргөнүн да тартып койчу элеңер... Чото биз өтө өнүккөн өлкөдө жашап жатат окшойбуз.
+3
Krai
2020-06-12 02:32:18
Ошо коопсуз шаарды көрсөңөр айтып койгулачы биз жака келип,мобу Ош Бишкек жолунда Сузактагы же жакыныраак десе Бишкек кара балта жолундагы унааларды тартып кетишсинчи. Бир жакшына зымыраган түптүз жаңы салынган жол турса, айдоочулар чанытып шагыраган таш жол обочина менен айдап атышат. Аларга эмне машина кереги жокпу. Мен дайыма көрөм айрыкча кара балта Бишкек жолунда 4 жылдан бери ушинтип айдашат. Коопсуз шаар келип ошол жерлерди тартпайбы
+2
States
2020-06-12 03:44:41
Биринчи бул коопсуздук бел курду тагыныш керек . Туркияда атасы менен бараткан 7 жашьагы кыз аварияга кабылып аман калып коопсуздук курун тагынбай бараткан атасы мандайкы терезеден ыргып кетип олгон. Экинчиден телефон бул адамды алаксытат 1 секунда ичинде канча адамдын убалына калып атышат. Тартипти сактабаган эл тентип кетет тартипти сактаган эл оз мекенин сыйлап жашайт. Тартипке келгиле десе да ошону жаман коруп атасынар деги силерге эмне керек?
+2
Omar.
2020-06-12 16:33:44
Дтп көбөйүп атса, тартип керек деп ызылдашат. Тартипти орнотуп атса бизден акча алганы жатат дейсиңер. Тартипти сакта, сенден эч ким акча сурабайт, көзүң жетпейби кысып маршрутка менен жүр да!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан