Биз социалдык тармакта

"Чыдагыла, өкмөттүн күчү жетпейт". Азимбек Бекназаров Малайзиядан кайта албай жаткан жарандар менен жолугушту

Бүгүн кыргыздын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров пандемиядан улам аталган өлкөдөн мекенге кайта албай жаткан жарандар менен жолугушту. Жолугушуу учурундагы видеону мурдагы элчи Кылычбек Султан баракчасына жүктөгөн.

Видеодон көрүнгөндөй, өлкөгө кайта албай жатабыз дегендердин бири "Биринчи күнү конок болосуң, экинчи күнү алар бизге чыдайт экен, бирок үчүнчү күнү оор болуп калгандай эле 2 айдан бери кете албай жүрөбүз. Бул маселени эртерээк чечпесек жүдөп кеттик", - дейт.

Маалым болгондой, өлкөгө кайта албай жаткандардын басымдуу бөлүгү ал жакта билим алып жаткан студенттер. Бирок элчи аларды Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүүнүн жол-жобосу жок болуп жатканын айтат.

"Мен билем силердин кыйналып жатканыңарды. Кечээ эле Түркиядагы консулдук менен байланышканмын, бирок силер ал жакка барсаңар 15 күнгө обсервацияга алат, андан кийин каттам болуп калса гана кетесиңер. Ошондуктан, 22-июнга чейин ушул жерде болуп турганыңар оң, азыр Казакстан менен авиакаттамдар жок, бар болсо ошол жакка салсак андан ары Бишкектен унаа менен алып кетишмек. Реалист бололу, азыр кете албайсыңар, ар бириңерге учак жиберип өкмөт алдыра албайт, ачык айтайын, азыр алып кетүү өкмөттүн колунан келбейт. Чыдагыла, бир эле силер эмес дүйнө жүзүндө эл кыйналып жатат", - дейт элчи.

Мурдагы элчи Кылычбек Султан андан кийинки видеосунда Малайзиядан кайта албай жаткандардын саны 100гө чукул экенин айткан.

"2 айдан бери элчилик мекенге жөнөтүүгө жардам көрсөтөт деп үмүт кылып жатышкан. Бүгүн акыркы ишенимдери менен элчиликке келишип, бирок мекеменин бул ишке күчү жетпей тургандыгын угушту", - дейт ал.

"Билим берүү мекемелери жабылган. Карантин уланып жатат. Элчиликке келсек маселе чечилбейт дейт. Биз кандай аракет кылууну билбей калдык. Бул жакта жашоо-шарт оор, баары кымбат, биздин өлкөгө кайтуубуздун жол-жобосун таап берүүсүн өтүнөбүз", - дейт студенттердин бири.

Бекназаровдун Малайзиядан кайта албай жаткандар менен жолугушуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kuban-1207
2020-06-11 23:14:58
Бекназардын колунан бок келбейт
+6
AksyKum
2020-06-11 23:53:43
Аксы окуясында тогулгон канды актаган жок
+4
Belek1710
2020-06-12 00:44:44
Туура эле да, чыдап туруш керек түшүнүү менен!
-3
Krai
2020-06-12 01:49:47
Бекназаровду мурда сыйлачуумун бирок Аксы окуясынан кийин жек көрүп калдым. Бекназаров үчүн кан төккөн адамдардын канын актабады. Кайсы жерде болбосун тескери иштерди жасап, элди толкутуп коюп жүрө берет экен...
+4
Dushabolna
2020-06-12 05:38:56
Колунан эч теке келбесе неге жолугушат
+1
Eden-Hazard
2020-06-12 09:34:04
Туура окмоттун кучу жетпейт, окмоттун кучу суйлогонго анан туура эмес мыйзам чыгарганга эле жетет
+2
nurbek11
2020-06-12 10:55:14
Эмнеси болсо да туура соз айтыптыр. Популисттик кадамдарга барбастан чындыкты бетке айтыптыр. Бул вирус ан биз эле эмес бутун дуйно узу жабыркап жатат, ошондуктан туура тушунуп бираз Сабыр кылайлы.
-1
Nourlan
2020-06-12 23:04:55
Бул эмне иш бүтүргөнү элчи болуп барды болду экен Малайзияга? Ушул суроо мени абдан кызыктырат. Мунун сүйлөө манерасы, билим деңгээли, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп чет өлкөдө иштөөгө билим деңгээли, тажрыйбасы дал келбейт деп ойлойм. Азыркы тышкы иштер министиринин деңгээли кандай болсо чет өлкөлөрдөгү элчилердин деңгээли дагы ошондой деп ойлойм.
0
Nourlan
2020-06-12 23:07:48
Малайзияда Россиядагыдай кыргыздар көп деп ойлобойм. Ошондуктан жардамга муктаждарды убактылуу элчиликке деле жайгаштырганга мүмкүнчүлүктөрү жетет деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан