Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүсүнө чыкканына эки аптадан ашты. Анын ишке качан чыгары белгисиз.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, премьер-министр ишке чыга элек. Анын эмгек өргүүсү аяктаганда маалымат берише тургандарын билдиришти.
27-майда Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан. Мындай чечимдин кабыл алынышына радиожыштык боюнча анын дарегине айтылган сын-пикирлер себеп болгон. Анын милдеттери биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго тапшырылган.