Президент Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциядагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 12-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл тутумун өркүндөтүү, ведомствонун ишмердигин санариптештирүү боюнча чаралар талкууланды.

Мырзабек Жыпаркулов бүгүнкү күндө субъектилерди текшерүүдө инспекция кызматкерлеринин коррупциялык тобокелдиктери менен байланыштарын азайтуу максатында ведомствонун ишмердигин автоматташтыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

"Ишкердик менен өз ара аракеттешүү боюнча бизнес процесстерди кароо жүрүп жатат. Адам факторун жана ишкерлер менен текшерүүчүлөрдүн түздөн-түз байланышын жоюу максатында көзөмөлдөөнүн айрым түрлөрү санарип форматта аралыктан иштөөгө которулат. Бул үчүн инспекциянын бардык маалыматтар базасы автоматташтырылат жана "Түндүк" тутумуна кошулат. Инспекциянын ишмердигинин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында техникалык эреже бузууларды каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштелип чыккан. Көзөмөлдүн бардык кыймыл-аркеттери онлайн режиминде жаздырылат жана коомчулукка жеткиликтүү болот", - деди ал.

Ошондой эле Мырзабек Жыпаркулов курулуп жаткан объектилер, суу транспорттору, суу транспортторунун токтотмо жайларынын базалары, кооптуу өндүрүш объектилери, кооптуу өндүрүш объектилеринин техникалык түзүлүштөрүнүн электрондук реестрлерин түзүү боюнча этап-этабы менен иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Ал ишкердик субъектилери менен өз ара аракеттешүү бара-бара толугу менен санарип форматка өткөрүлөрүн баса белгиледи.

Инспекциянын директору санариптештирүү келечекте мекеменин архитектура жана курулуш, энергетика, өрт, экология, өнөр жай, транспорттук жана башка коопсуздукту көзөмөлдөөнүн бардык тармактарында этап менен киргизилерин кошумчалады.

Президент объектилерди курууда жана өнөр жай ишканаларында талаптарды бузуулар бат-баттан байкалып жатканын белгиледи. Экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-милдеттерди аткарууда коррупциялык көрүнүштөр орун алып, анын аркасында негиздүү сындар айтылып жатат.

Буга байланыштуу экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишмердикти санариптештирүүнүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ишкердик субъектилери менен конструктивдүү кызматташууну жолго коюу зарылдыгын белгиледи жана бизнес менен иштөө принциптерин кескин түрдө кайра карап чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

"Биз жазалоо чараларынан кайтышыбыз керек жана экономикалык субъектилердин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүп, түрткү беришибиз зарыл", - деди Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан