Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 14 талапкер, Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын административдик сотторуна 2 талапкер жана Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер болуп, жалпы 17 талапкер боюнча соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо сунуштары келип түшкөн.
6-июнда мамлекет башчы кээ бир талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 16 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.
Мамлекет башчы тарабынан 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.
Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 16 талапкер боюнча президент тарабынан жарлыктар чыгарылды.
Тандалып алынган 16 талапкер Конституцияга ылайык, жергиликтүү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
Бишкек шаардык сотуна:
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:
Чүй облусунун административдик сотуна:
Бишкек шаардык административдик сотуна: