
Орусиянын Москва шаарында кыргыз дипломатына белгисиз жаран кол салды. Маалыматты орус басылмалары жазышууда.
Анда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин вице-консулу Тигран Кондахачян белгисиз жаран менен уруша кеткени айтылат. "Уруш курчуп кетип белгисиз жаран дипломатты башка чапкан. Окуядан кийин Кондахачян укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Учурда кол салган жаранга издөө жарыяланды", - деп кабарланат.
Тигран Кондахачян 2016-жылдан бери элчиликте иштеп келет.
Бул боюнча элчилик азырынча расмий билдирүү жасай элек.