Биз социалдык тармакта

Өлкөдө өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруп жаткан дагы 174 бейтап акысыз дарыланат

Өлкөдө өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин 5 стадиясы менен жабыркап жаткан 174 бейтап эми акысыз дарыланат. Алар үчүн өкмөттөн 75 миллион сом бөлүндү деп кабарлашат Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан.

Маалым болгондой, буга чейин бейтаптар өздөрүнүн каражатына дарыланып келишкен.

"Бул бейтаптар ушул жылдын январь айынан бери кезекке туруп, өздөрүнүн каражатына дарыланып жатышкан. 13-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы өтүп, анда бюджеттик негизде диализ алуучу бейтаптардын тизмеси түзүлдү. Ага ылайык, 15-июндан тарта 174 бейтап акысыз дарыланат", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча гемодиализ процедураларын 1 миң 691 бейтап акысыз алышат. Анын ичинен 1 миң 408 бейтаптын дарылануусун милдеттүү камсыздандыруу фонду, ал эми 283 бейтапты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мекемелери камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан