Биз социалдык тармакта

Бишкекте милиция кызматкерлери ишке чыгуудан баш тартышабы? Шаардык башкармалыктын жообу

Бишкектин 4 районундагы (Биринчи Май, Октябрь, Свердлов жана Ленин) милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери 15-июндан тартып ишке чыгышпайт. Мындай маалыматты бүгүн, 14-июнда жергиликтүү маалымат каражаты өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Жогорудагы маалымат жарыялангандан кийин Бишкек ШИИББи расмий билдирүү жасап, маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлады. Анда мекеме басылманын бир тараптуу чагылдырган материалына таң калып жатканын билдирет.
"Кечээ, 13-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында коомдук коопсуздук кызматынын жана жашы жете элек балдар менен иштешкен инспекциянын кызматкерлерине нускамалык жыйын болуп өттү. Анда Бишкек ШИИБинин башчысы Канат Жумагазиев кызматкерлерге санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, медициналык бет кап кийүү жана иш бөлмөлөрдү дезинфекциялап туруу зарылдыгын эскертти.
Ошондой эле Жумагазиев райондордун акимдеринин, шаардык мэриянын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташууну улантып, коомдук жайларда коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы профилактикалык иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берди. ШИИББдин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, биринчи кезекте жарандарынын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Ал эми өзгөчө кырдаал учурунда ишке тартылган кызматкерлерге төлөнүүчү кошумча каражат боюнча маселе Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө экени, бардык тиешелүү болгон документтер Каржы министрлигине жиберилгени айтылды. Мындан улам жергиликтүү басылмага жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт жана туура эмес.
Шаардагы милиция кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатат", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKum
2020-06-14 20:26:33
Беретургандан кийин жон эле тез эле берип койсо баш тартты анан ишке чыкпайт экен деген создорду айтпай эле
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан