Биз социалдык тармакта

Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалова эскерилет

Бүгүн, 15-июнда саат 09:30да "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова ​ эскерилет. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, эскерүү кечесине Күлүйпа Кондучалованын жакындары, ​жалпы маданият тармагынын өкүлдөрү катышып, куран окулуп, айкелине гүл чамбар коюлат.

​"Маданият тармагына болуп көрбөгөндөй зор ийгиликтерди алып келген Күлүйпа Кондучалова дал ушул күнү 100 жашка чыкмак" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан