Биз социалдык тармакта

Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнө 94 жыл толду

Бүгүн 15-июнь Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын күнү. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров кесип ээлерин майрамы менен куттуктады.

"Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнө 94 жыл болду, бул бир кылымга тете убакыт. Өткөн тарыхка токтоло турган болсок, бул убакыт ичинде өлкөбүздүн өнүгүү жолунда өрткө каршы кызматында да көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Бүгүнкү күндө калкыбыздын бейпил турмушун өрт кырсыктарынан сактоодо бардык тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыздалган толук кандуу кызматка айланды", - дейт Аскаров.

Тарыхый маалыматка ылайык, 1926-жылдын 15-июнунда Фрунзе шаарынын Кошчулар көчөсүндө Өрттөн сактоо кызматы ачылган, ошол күндөн ушул күнгө чейин өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан