Биз социалдык тармакта

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршыбыз деген жарандар Ак Үйдүн астына акцияга чыгышты

Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарында бир катар жарандар Ак Үйдүн алдына акцияга чыгышты. Алар аялдардын кордолушуна каршыбыз деген пикирлерин айтышууда. Акциянын катышуучулары 1,5 метр аралыкты сактоо менен аны өткөрүшүүдө. Милиция тараптан аларды таратуу аракеттери көрүлдү.

Чогулгандардын басымдуу бөлүгү кыз-келиндер. Алар Сузакта күйөөсү аялынын моюнуна дөңгөлөк, таш артып алып, суу чачкан окуяга жана буга чейин 13 жашар кызды зордуктаган делген адамды сот эркиндикке чыгарды деген окуяларга каршы ойлорун айтышууда.

"Биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун токтошун талап кылабыз" дешет алар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан