Бүгүн, 15-июнда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршыбыз деген бир катар жарандар Ак Үйдүн алдына топтолушту. Коронавирус пандемиясынын шартында бул жол берилбей турган жагдай экенин андагы тартип сакчылары билдиришти.
Акцияга чыккандар аялдардын кордолушуна, аларга карата зордук-зомбулукка каршыбыз, биз мындай көрүнүштөрдүн токтошун талап кылабыз дешет.
ИИМдин өкүлдөрү акцияга чыккандар феминисттик кыймылдын мүчөлөрү деген ойлорун айтышууда.
"Пандемия шартында чогулуп акция өткөрүүгө тыюу салынат. Биз муну түшүндүрүп, алардан тарап кетүүнү талап кылып жатабыз. Бирок алар тарабай турушат", - дейт тартип сакчыларынын бири.