Биз социалдык тармакта

ӨКМнын 94 жылдыгына карата Чаткалдагы бөлүмдүн кызматкерлери жаңы тосмо курушууда (фото)

Бүгүн, 15-июнда Кыргыз өлкөсүнүн өрткө каршы кызматынын түзүлгөнүнө 94 жыл толду. Ага карата ӨКМ тарабынан Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн сыртына жаңы тосмо курулуп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришет.

"Аталган бөлүмдүн мурунку тосмолору жарабай калган. Андыктан Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары ӨКМнын 94 жылдыгынын алкагында жаңы тосмо куруп жатат. Айлана-тегерегин тосуу үчүн 5 тонна цемент, сетка жана арматура бөлүнүп берилип, азыркы учурда өздүк курам тарабынан тегеректи тосуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле айлана-тегеректи тосууда керектелүүчү кум-шагыл жана керектүү курал-жарактар жергиликтүү бийликтен жана өздүк курам тарабынан көмөк көрсөтүлдү. Учурда куруу иштери кызуу жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Romantik.
2020-06-15 15:54:52
Талаага эле куруп жатабы? эмнени тосот, кичинеке түшүнүктүү жазсаңар
0
zilish_kg
2020-06-15 16:19:07
Бул кандай тосмо, эмне үчүн курулуп жаткан тосмо? Түшүнүксүз, толук маалымат жазгылачы супер инфо, эптеп эле саны бар сапаты жок жаңылыктарды чыгара бербей. Ансыз деле ар бир макалаңарда каталар көп, комментарийде элдер айткан соң макаланы өзгөртүп комментарий жазган адамдын да билдирүүсүн өчүрүп коёсуңар. Иштин көзүн жакшы билген журналистерди, редакторлорду ишке алгыла! Рекламаңар да тойгозду, ар бир макалага кирбе жамгырдан кийинки козу карындай чыга калат. Бул билдирүүнү да өчүргүлө)))
0
aslan_akjol89
2020-06-15 17:12:23
Аа жакшы,эртерээк бутуп алгыла.Жакшы болуптур да,бул да болсо алдыга жылуу.
0
Belek1710
2020-06-15 17:26:04
94 жылдыгына тосмого 5 тонна цемент бериптир, кыйратыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан