Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Петр Поломошнов 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Поломошнов 11-июнда көз жумган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты аскерлердин коштоосунда өттү. Ал 13-июнда Озерное айылындагы мүрзөгө, өзүнүн маркум аялынын жанына коюлду.
Петр Поломошнов 1924-жылы төрөлгөн. 1942-жылдын август айынан баштап Украинадагы фронтто салгылашкан. 1946-жылы аскерден бошотулган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарба техникалары боюнча мастер болуп иштеген. Ал 3-даражадагы "Даңк", 1-даражадагы "Ата Мекендик согуш" ордендери, "Германияны жеңиш үчүн" медалы жана башка сыйлыктар менен сыйланган.