Биз социалдык тармакта

Легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованы эскерүү аземинен сүрөттөр

Бүгүн, 15-июнь Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү. Бул күнү “Ала-Арча” көрүстөнүнө ага куран окулуп, гүл чамбар коюлду деп маалымдалды Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан.

Анда билдиришкендей, эскерүүгө маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, маданият тармагынын жоон тобу жана Кондучалованын жакындары катышты. Ошондой эле бул күнү “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата эскерүү күнү онлайн форматында өттү.

Күлүйпа Кондучалова 1920-жылдын 15-июнунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1938-1940-жылдары Нарын районунун Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1940-1943-жылдары Кыргызстан ЛКЖС Тянь-Шань обкомунун секретары жана башка кызматтарды аркалаган.

1948-1949-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун секретары, 1947-1949-жылдары партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүндө секретарь, 1949-1952-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары болгон.

1953-1958-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958-1963-жылдары Кыргыз ССР маданият жана тышкы иштер министри, 1963-1980-жылдары Кыргыз ССР маданият министри, 1980-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун Борбордук кеңешинин президиумунун төрагасы болгон.

Эл аралык Курманжан Датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 1-даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
i1urp
2020-06-15 15:18:34
Өзүбүздөн чыккан чыгаан уул кыздарыбызды дайыма даңазалап, алар тууралу дайыма айтып, эскерип турсак, анда өзүбүздү эч качан жоготпойбуз.
+1
Adil18
2020-06-16 06:34:46
Эскеруу иш чарасы болуп отту.Кайсы жылы каза болгонун дагы кошуп жазсанар.Жаштарга,окурмандарга толук маалымат катары жазып чыгарсанар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан