Жогорку Кеңештин комитетинде Улуттук банктын отчёту канааттандырарлык деп табылды

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Улуттук банктын отчёту каралды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акча-насыя саясатына жана каржылык-насыялык уюмдарды жөнгө салуу чөйрөлөрүнө тиешелүү абалды баяндады. “2019-жылы Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык резервинин көлөмү тарыхый жогору чекке жетип, 2 миллион 400 миң долларды түздү”, – деди Толкунбек Абдыгулов.

Талкуу маалында депутаттар коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди көтөрүшүп, андан тышкары COVID-19 пандемиясынан улам жаралган кырдаалга байланыштуу насыялык милдеттеме шарттарын жеңилдетүү менен кичи жана орто бизнести колдоо зарылчылыгын белгилешти.

Жыйынтыгында Улуттук банктын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчётко канааттандырарлык деген баа берүү менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан