Биз социалдык тармакта

Депутаттар жыйында футболкачан отурушат. Бир кезде өкмөт өкүлүн футболка кийип келгени үчүн сындаган депутат бул жолу унчуккан жок

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.

Анда депутат Айсулуу Мамашова жана Дастан Бекешев футболкачан отурушат.

Былтыркы жылдын башында депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Вице-спикер Мирлан Бакиров бул сындан кийин "бул жер базарбы?" деп Тынысовду жыйындан чыгарып салган. Бул коомчулукта катуу талкууланып, депутаттар сынга алынган.

Аталган комитеттин төрайымынын орун басары Алмазбек Токторов бул жолу жыйында депутаттарга унчуккан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aslan_akjol89
2020-06-15 17:23:38
Карга карганын козун чукубайт да.
+8
Belek1710
2020-06-15 17:55:58
Бакиров кайда жүрөт болду экен?
+3
bond0202
2020-06-15 19:20:52
айсулуу айымга сонун жарашат экен футболка
+1
Mamiev
2020-06-15 21:22:22
Ушулар кандай депутат болуп алышты экен.Башта депутаттардан билимдүүлор көп эле азыр куудул эки сөзүн кошуп сүйлөй албаган бизнесмен спортсмен депутаттар олтурат. Кечегинде ким көрдү 80 чыккан атабыз орустардын парламентинде сүйлөдү аны көрүп мен суйундум. А депутаттар суйлосо айла жоктон кулосун сөздорун угуп
+5
ZUXRIDDIN20
2020-06-15 22:17:59
Энесинин үйүнө келгендей го булар чурулдашып жаш баладай
+3
talaa11
2020-06-15 23:41:13
Жогорку Кенешти биздин кемчонтой депутат соройлорубуз эшек жайлоо кылып бутушту
+2
Shef87
2020-06-16 00:28:03
Булардын кандай жоорук болсо да таң калбай калдык
+3
Tiken
2020-06-16 08:57:40
Бизде демократия да ... экс-президентибизден бери айтып жатышат го кааласак жыланач журобуз деп... демократияны сыйлашсын да...
0
kozuwka
2020-06-16 12:44:05
Тынч отурганда ,силер жем таштап коюптурсунарго
0
PROS
2020-06-16 14:54:18
Эшекке килем жапсаң ат болуп кетпейт го, анын сыңарындай ЖК депутаттары кандай кийинишсе деле колдорунан эчтеке келбейт!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан