Өкмөт башчылыгына келет деп кимдердин ысымдары аталууда?

Кечээ, 15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Бүгүн, 16-июнда президент Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алды.

Өлкөнүн кезектеги премьер-министри ким болот деген суроо актуалдуу болуп турат. Бир күн ичинде өкмөт башчылыгына кимдердин талапкерлиги каралышы мүмкүн экендиги болжолдуу белгилүү болуп калды.

Жергиликтүү басылмалар аталган кызматка Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы биринчи вице-премьер-министр, учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Кубатбек Бороновдун талапкерлигин сунушташканын жазышууда. Кубатбек Боронов биринчи вице-премьер кызматына 2018-жылы дайындалган. Ага чейин ал көп жыл бою Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген.

Ушул жылдын 5-февралында вице-премьерликке дайындалган Эркин Асрандиевдин ысымы да айрым депутаттар тарабынан аталып, сунушталганы маалымдалууда. Ал вице-премьер болгонго чейинки 3 жылда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгын жетектеп келген.

Мындан тышкары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да өкмөт башчылыкка талапкер болот деген сөздөр бар. Жылкыбаев облус жетекчилигине 2018-жылдын июль айында барган.

Коомдук активисттер өкмөт башчылыгына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовду барса болот деген ойлорун жазышууда. Ал борбор калаанын башчылыгына 2018-жылдын август айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан