Өкмөт отставкага кетти. Жээнбеков Абылгазиевдин арызын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө негизделип, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы кабыл алынды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлеринин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан