Биринчи вице-премьер-министрликке Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов билдирди.
9-июнда "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков мандатын тапшырган. "Кыргызстан" партиясынан Бейшеналы Нурдинов деген талапкер Бишкек шаарынан партияга чоң добуш алып берген. Мурда ал кишиге тизме боюнча кезегиңиз келсе, мен мандатымды тапшырайын деп айткам. Шайлоого деле аз калды. Даярдык көрөйүн деп жатам", - деген Баатырбеков.