Депутат Сабиров: "Абылгазиев президенттин, депутаттардын ишеничин актаган жок"

"Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин, депутаттардын ишеничин актаган жок", - деп бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.

"Мен эмне үчүн мурунку премьер-министрге каршы чыкчу элем? Кетип деле калсаңыз болмок деп ачык айткам. Анткени ал президенттин, депутаттардын ишеничин актаган жок. Кыска мөөнөт болсо да көп нерсени өзгөртсө болот. Жаңы кадрлар жакшы. Мыйзамдуулуктун аткарылышын кароо зарыл. Мыйзамдар аткарылбай жатат. Кесипкөй адистер кызматка келмейинче мамлекет өнүкпөйт. Азыр өкмөттө отурган адистердин жазганын көрүп уяла турган болдум. Кесипкөй кадрларды алып келиңиз. Ушул нерсени 4-5 айда жасап койсоңуз мамлекеттин өнүгүшүн өз көзүңүз менен көрөсүз", - деди депутат.

Жыйында премьер-министрлик кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан