"Биздин өкмөт 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган" деп бүгүн, 16-июнда экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушууда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ошондой эле биз 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган өкмөт болдук. Андан тышкары кризиске каршы бюджетти бекиттик. Мен 1-2 санга токтолгум келет: ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8 пайыз болсо, 2019-жылы – 4,5 пайызга өсүштө болдук. Ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 миллиард сом болсо, 2018-жылы – 569 миллиард сом болсо, 2019-жылы – 590 миллиард сомду түздү же өсүш 114 миллиард сомго көбөйдү. Бюджет 2018-жылы –135 миллиард сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148 миллиард 4 миллион сомго жетип, 13 миллиард сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163 миллиард 7 миллион сомго дейре жеткирүү болжолдонгон", - деди экс-премьер-министр.