Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов биригишип, парламенттик шайлоого аттанышат

Депутат Алтынбек Сулайманов менен экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов биригишип, парламенттик шайлоого аттанышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бир Бол" партиясы 90-95 пайызга чейин жаңы жүздөр менен толукталат. Эcки саясатчылардан экөө эле болору айтылды. Жакын арада саясатчылар бириккени тууралуу билдирүү жасап, иш-чара өткөрүшөт.

Былтыркы жылдын соңунда Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып жатканда “Мен конструктивдүү саясий күчтөр менен биригем” деп билдирүү жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан