Премьер-министрдин милдетин аткаруу Кубатбек Бороновго жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткаруу Бороновго жүктөлдү.
Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Кубатбек Бороновдун талапкерлигин колдоду.