Жогорку Кеңештин комитети "Дашман массиви" жана "Сары-Челек" жаңгак-жемиш токойлоруна өзгөчө статус берген мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 16-июндагы Жогорку Кеңештин комитетинде “Дашман массиви” жана “Сары-Челек” жаңгак-жемиш реликт токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутаттардын бири Мирлан Бакиров белгилегендей, мыйзам долбоору дүйнөдөгү бирден бир "Дашман массиви" жана "Сары-Челек" жаӊгак-жемиш токойлорун сактоо, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле салыктык жеңилдиктер да сунушталган. Бирок комитет жыйынында демилгечи депутат Мирлан Бакиров салыкка байланышкан сунуш артка кайтарылгандыгын маалымдады.

Жыйында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, Жогорку Кеңештин биринчи окууда кароосуна сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан