Биз социалдык тармакта

Чубак Жалилов Аалымдар кеңешинен чыгуу боюнча арыз жазды

Мурдагы муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов кеңештен чыгуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Жалилов маалымдап, кеңештен өз ыктыяры менен чыгып жатканын белгилеген.

"Урматтуу бир туугандар! Мен Жалилов Чубак ажы, Аалымдар Кеңешинен өз ыктыярым менен арызымды жазып, аманатты тапшырдым.

Кудай Таалам касиеттүү Куранда: "... балким, силер бир нерсени жаман көргөнүңөр менен ал силер үчүн жакшылыктыр...", (Бакара сүрөөсү 216-аят) деп айткандыгын ар дайым эстеп жүрсөк, көңүлдөргө төтөк болор.
Учурдан пайдаланып урматтуу Аалымдар Кеңешинин төрагасынан жана жалпы мүчөлөрүнөн пендечилик кылып кемчилик келтирсем, көңүл ооруткан болсом үзүр сурайм. Кудайым ооматтан оодарбасын", - деп жазат ал билдирүүсүндө.

Учурда Аалымдар Кеңешине Абибилла Кадырбердиев төрагалык кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Farra16gsin
2020-06-17 10:52:04
Депутатка татыктуу буйруса колдойбуз кудайдан коркот жебейт жегендерди кустурат ачык айтат жегенге жол бербейт
-17
bond02
2020-06-17 10:57:01
Шайлоого барам десе менин жеке оюмда болбойт го, себеби саясат менен дин от менен суудай бирикпейт.
+28
Tolkun555
2020-06-17 13:02:58
bond02,саясат бул элдин жашоосу.дин ошонун негизи.
-23
Kairat1996
2020-06-17 11:20:24
Ушул молдолор жаштарды диний фанатизге ундогонду токтотуш керек. Кыргызстан светтик мамлекет. Саясатка молдолорду жолотпош керек.
+9
Tyty1990
2020-06-17 12:25:33
Kairat1996, Чубак ажы президент болсо теңирчилер куйруганырды түйүп качасынар буйруса иншаллах
-14
filis
2020-06-17 11:30:48
Чубак Жалилов парламентке жолобосун. Корунгон диний жомокторду айтып отуруп мамлекеттибизди араб олколоруно айландырат. Ансыз да ээлибиз ээрчиме болуп турганда мындай кооз суйлогон аалымдардан абайлаш керек.
+5
Kitep
2020-06-18 16:14:31
filis,материалдык жактан карасак,арап олколоруно айлантса жаман эмес.Любой арап олкосу эканомика жагынан бизден алдыда турат.
0
zhaku2017
2020-06-17 11:44:44
Кыргыз жаштарын арабташтырууда, исламдаштырууда азыркы дин кызмат-ин салымы чон. Кой терисин жамынган карышкырлар. молдолор биздин ата тегибиз арабтар экен дегенде куйуп кетесин да.
+9
Aimani
2020-06-17 11:45:28
Чубак ажы шайлоого барып депутат болуп калса болгон авторитети төгүлүп, баркы кетет.
+19
Ka2sr1
2020-06-17 12:00:40
Сыртынан кооз суйлогон аалымдардан абайлагыла достор. Аалымдар кооз суйлогонду абдан оздоштурушкон. Бирок иш жузундо турмуш такыр башка. Ошондуктан бир иш кылаарда молдого таянбай, акылга таянсак.
+13
Tyty1990
2020-06-17 12:22:53
Президент болууга татыктуусуз.
-17
Muslim1990
2020-06-17 12:49:27
Ээ теңирчилер жүйөлүү айта турган сөзүңөр жок.Качан болсо молдолор мындай, тигиндей деп бир эле сөздүү айтасыңар.
Башка айта турган маанилүү бир идеялогияңар жок.
Молдолорго асылганды эле билесиңер.
Чубак ажы боюнча айтсам.Жаран катары катышууга укуктуу.
Бирок чындыкты айтам деп жалаа жабылып,өзуүнүн баркын түшүрүп албаса эле.Биздин чоңдор депутат болуп барганга чейин эмне деген гана убадаларды беришпейт.
Кайсы партия менен барат болду экен ажыкебиз.
-20
Tolkun555
2020-06-17 13:05:50
Эл талап кылып жатат.депутат болууга татыктуу.озу учун керек болбосо да эл учун керек.мен колдойм
-19
zhaku2017
2020-06-17 13:29:24
Бул молдо бийлике келсе олкобуз экинчи Пакистан олкосуно айландырууга ашыгат. Мен бул молдону эч колдобойм.
+21
Momun...
2020-06-17 13:32:31
Мен да колдойм. Барсын Ажыке. Мен ишенем таза иштейт. Айтканын кылат. Кудай деген адам ажыке. Элдин турмушуна чыгыгы куйгон киши. Эки колдоп колдойм.
-16
J1irg
2020-06-17 13:41:38
Чубакты короюн деген козум жок. Чубактын түпкү максаты өлкөбүздө көп аял алууну орнотуу, арабтардын шариятын бул жака ташып келүү, кыргыз жаштарын арабтардын салтына байлоо. Чубак менен өлкөбүз алдыга эмес, артка 7 кылымдагы түшүнүккө кайтып барабыз.
+15
nurgaz
2020-06-17 14:46:59
Чубак ажы шайлоого барса созсуз партиясы женип чыгат, алга Чубак ажы биз сизге добуш беребиз.
-23
Merch
2020-06-17 14:56:25
Адамга өзү эч нерсе жакпайт, жеп жактардан тойдук дейбиз да таза иштейт деп үмүт кылган адам аттана электе эле ар нерсени айтып күнөөкөр болуп жатабыз. Телефондун кнопкасын басканга эле кыйынбыз. Чубак ажыдан билимдүү, патриот кимиң барсың? Алдыга чыгып элди ээрчитип, коррупциядан сууруп чык, ким кой демек...
-21
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан