Биз социалдык тармакта

Акыркы суткада 90 адамдан коронавирус аныкталып, анын ичинен 36 жарандын илдетти жуктуруп алуу булагы белгисиз болууда (видео)

Бүгүн, 17-июнь саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат жыйыны өттү. Анда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев сутка ичиндеги акыркы кабарлар менен тааныштырды.

Сутка ичинде ооруну жуктуруп алганы аныкталган бейтаптардын ичинен 12си сырттан келгендер, 42си оорулуулар менен байланышта болгондор. Калган 36 жарандын илдетти жуктуруп алуу булагы белгисиз.
Коронавирустан айыкты делинген 54 бейтап үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 30га жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан