Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн курамы каралууда. Анда спикер Дастанбек Жумабеков депутаттарды бет кап тагынып отурууга чакырды. "Саламаттыкты сактоо министрлигинин эрежелери бар. Ошол эрежелерди сактап отурсак. Эл аралап жүрөсүздөр. Бири-бирибизге аяр мамиле жасап, бет кап тагынууну унутпайлы", - деди ал.
Өкмөттүн өкүлдөрүнүн бардыгы бет кап тагынып отурушат. Ал эми спикердин сөзүнөн кийин депутат Руслан Казакбаев, Зарылбек Рысалиев сүйлөдү. Бирок эки депутат тең бет кап тагынышкан жок.