Биз социалдык тармакта

Премьер-министрликке талапкер: "70 пайыз жарандар санитардык нормаларды сактабай жатат"

Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов 70 пайыз жарандар санитардык нормаларды сактабай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө абал региондордо жакшы. Бишкек, Ош шаарларында, Чүй облусунда кооптуу болуп жатат. Мамлекет бүгүнкү күнгө чейин шарттардын баарын түздүк. Башында биз өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдарды киргизип, жаман абал түзүлбөш үчүн шарт түзүлдү. Бул туура кадам болгон. Эл аралык атайын адистер ошону айтып чыгышты. Учурда баарын эле бекитип отурганга шарт жок. Элибиз иштеш керек. Санитардык талаптарды аткаруу шарт. 70 пайызы санитардык нормаларды аткарбай жатат. Дагы деле болсо элге жетпей жатат. Кээ бир жарандарыбыз коронавирус жок деп башкаларга да жарыялап жатат. Эл шарттарды сактаса, мындан оңой эле чыгып кетебиз. Эң акыркы кадамыбыз кайра жабылуу болушу зарыл", - дейт Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
anash
2020-06-17 10:49:35
Ушуну эмнеге минстр кылып атат?А С.Ж.Ш иштей турган адамды койбойсунарбы а?итак 2ай жатыкко азыр карыздан карыз болуп журобузго силерге баарибирда эл ачкка калдыго митинг болсо мен чыгат элем.....
+5
Tolkun555
2020-06-17 11:05:20
Баягы эле карыган дежур чалдар бири кетип бири келет.2 он бег 30.ээ кудай ушулардан куткарчы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан