Депутат Зиядин Жамалдинов күйүүчү майдын баасын арзандатуу боюнча иш алып баруу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ушул жерде Мухаммедкалый Абылгазиев отчётун тапшырып жатканда күйүүчү майдын баасын түшүрөм деп убада берди эле. Азыркы күнгө чейин күйүүчү майдын баасы түшкөн жок. Биринчи кезекте ушул маселени кароо керек", - деди ал.
Ошону менен катар эле депутат Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болуп жатканы боюнча маселе көтөрдү. Ал бул маселеге көңүл буруу керектигин айтты.