Бүгүн, 17-июнда "Чынар" кичи базары менен "Кыял" базары жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Ага ылайык, базарлар дезинфекциялоо иштери үчүн жабылары белгиленди.
"Учурда шаарда эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калууда. Ага байланыштуу базарлар, коомдук жайлар алдын алуу иштерин токтотпошу керек. Дене табын өлчөөчү термометр, санитайзерлер, нымдуу тазалоо, кардар менен кызматкерлердин жеке гигиенаны жана аралыкты сактоосу, бет кап, кол кап кийүү сыяктуу эрежелер сакталышы шарт. Санитардык нормаларды сактабаган экономикалык ишмердүүлүктөрдүн ээлерине айып салынып, ишмердиги убактылуу токтотулат", - деди вице-мэр.