Биз социалдык тармакта

Алайкуунун ажайып кооз жаратылышы сүрөтчүнүн көзү менен

Түркиядан келип, 16 жылдан бери Кыргыз мамлекетинде жашап калган сүрөтчү Зафер Динчер Кыргыз өлкөсүнүн кооз жаратылышын, бейпил турмушун эмгектери аркылуу даңазалап келет. Ал бул ирет Алайкуу өрөөнүнүн жаратылышын жарыялады. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жайгашкан өрөөндүн ажайып кереметтүү жаратылышын Динчер бир нече сүрөттөр топтомунда көрсөткөн.

"Бул ушунчалык кооз өлкө, кээде болжогон жерге жеткенге чейин эле жолдон мыкты кадрлар тартыла берет" деген Динчер.

Алайкуу өрөөнү бийик тоолор менен курчалган өрөөн. Өрөөндүн узундугу 75, туурасы 15 чакырым.

"Кыргыз болуп туруп Кыргыз жергесинин кооздугун көрө электер бар" деген Зафер Динчердин маегин окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
toktor89
2020-06-17 12:25:51
Кереметим менин Алайкуум.
Сагындым сени Алайкуум.
+3
bond02
2020-06-17 13:00:05
Ылай Талааны да кошуп коюптур го.
+4
Aman_90
2020-06-17 14:29:26
Мына чыныгы кыргыздар байырлаган жерлер!Ээх Кара-Кулжам качан сага жетеер экенмин!
+4
futboler
2020-06-17 14:31:20
Сонун керемет жерлер
+2
Tiken
2020-06-17 15:17:34
Кара-Кулжанын Буйга айылына да барса болмок... кок тиреген аска- зоолордун суротторун тартмак.
+1
Sakubek
2020-06-17 16:32:00
Сары-Бээ да бар экен
+1
Bekish-
2020-06-17 17:38:41
Алайкуум менин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан