Биз социалдык тармакта

"Баткенде жаназаларга адамдардын көп топтолушуна бөгөт коюу оор болуп жатат" дейт өкмөт өкүлү

Баткенде эпидемиологилык абалга карабай той-аш өткөрүү учурлары катталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Ар кандай той-аш, куран окутууларга тыюу салынган. Тилекке каршы, жарандар арасында санитардык эрежелерди бузгандар болуп жатат. Бизге айрыкча жаназаларды токтотуу оор болуп жатат. Бул учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, санитардык дарыгерлер барып нормалардын сакталышын көзөмөлдөөгө аракет жасап жатышат. Мындан тышкары ал жакка чогулган адамдарга медициналык беткап таратылып жатат", - дейт Жаркынбек Максүтов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан