Депутат Жээнчороев Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынан чыгарылды

Депутат Мирлан Жээнчороев Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынан чыга турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйынтыгында Жээнчороев комиссиянын курамынан чыгарылды.

21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан