Бүгүн, 17-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов онлайн маалымат жыйынын берди.
"Баткен облусунда 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга тиешелүү кызматтар тарабынан күн сайын рейддер жүргүзүлүп келет. Анын натыйжасында 867 объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 280 ишканага эскертүү берилди. Ал эми 87 ишканага 109 миң сом айып салынды. Мындан тышкары коомдук транспорттор, мечиттер дагы көзөмөлгө алынып, күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Мечиттердин кире беришинде медицина кызматкерлери туруп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деди Максүтов