"Тез жардам" кызматынын Бишкектеги станциясынын төрт айдоочусу коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу мекеменин кызматкери кабарлады.
Маалым болгондой, адегенде бир айдоочудан оору аныкталган. Андан кийин дарыгерлер жана башка айдоочулардан анализ алынып, дагы 3 айдоочудан инфекция аныкталган. Башка медициналык кызматкерлердин жана айдоочулардын анализдери таза чыкканы менен алар карантинге алынган.