Чүйдө бүтүрүүчүлөр артыкчылык аттестатына экзамен тапшырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда мектеп бүтүрүүчүлөрү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн тестти кадимки режимде тапшырышканы айтылат.
"Чүй облусу боюнча жалпы 99 талапкер катталган. Анын 97си сынакка катышууда.
Тестирлөө бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлдү. Билимди баалоонун объективдүүлүгүнө доо кетирчү тобокелдиктер жокко чыгарылган.
Талапкерлер тестти планшет аркылуу атайын программанын жардамында тапшырып, жыйынтыкты дароо алышат", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга өлкө боюнча 1345 бүтүрүүчү катталган. Ага ылайык, министрлик тарабынан бүтүрүүчүлөр үчүн "Алтын тамга" тестин өткөрүү күндөрү төмөнкү даталарга белгиленген: