Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын берген сунушунун негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысына Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жергиликтүү соттун судьясы Максат Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.
Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу көрсөтүлгөн сунуштамасы негиз болгон.