Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү салтанаты өттү

Бүгүн, 17-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кубатбек Боронов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы премьер-министрге жана жалпы өкмөткө ийгилик каалады.

Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев катышты.

Бүгүн Кубатбек Бороновду Жогорку Кеңеш өкмөт башчы кылып шайлады. Президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү жарлыкка кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-zigit
2020-06-17 23:36:58
Улак чапкансып бири биринерге ашырып соорунун чонтоко уруп журо бергиле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан