Эртең, 19-июнда саат 10:00дө Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Буга чейин аталган мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн биринчи окууда кароо болгонун депутат Дастан Бекешов ырастады. Айтымында, андан кийин мыйзам долбооруна добуш берүү жүргүзүлгөн. Бекешов добуш берүүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү. Анда көрүнгөндөй талкууга катышкан 106 депутаттын ичинен 104ү ага "макул" десе төртөө каршы добуш беришкен.