Бүгүн, 18-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Медетбек Маметов онлайн маалымат жыйын берди.
Анда инспекциянын 2020-жылдын акыркы айларындагы жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
"Пандемия маалында биздин кызмат пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтоткон. Бул учурда бизде санариптештирүү боюнча алгылыктуу иштер жасалды. Жыл башынан бери 2 миң 213 текшерүү жүргүзүлдү. Натыйжада 11 миң 875 эреже бузуулар аныкталып, 1 164 эскертме берилди. Ар кандай тармактагы ишмердүүлүктөргө байланышкан 806 протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке 514ү тартылды", - дейт Маметов.