Биз социалдык тармакта

Өлкөдө жайкы сезонго карата сууга түшүүгө кооптуу жерлер аныктала баштады

Өлкөдө жайкы сезонго карата сууга түшүүгө кооптуу жерлер аныктала баштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Медетбек Маметов онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

"Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу жайкы туристтик мезгилдин алдында сууга түшүүгө кооптуу жерлер, анын ичинде: эс алуучу жайларга, элге кызмат көрсөтүүчү суу бассейндерге, дарыялардын жээктериндеги кооптуу жерлерге мониторинг жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу аймактардагы эс алуучу, ден соолукту чыңдоочу жайлардын ээлерине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө туристтик мезгилде экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча тапшырмалар берилди", - деди Медетбек Маметов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан