Депутат Дастан Бекешов СИЗОдогу жолугушуулардын санын айына төрткө чейин көбөйтүүнү сунуштады

Депутат Дастан Бекешов СИЗОдогу жолугушуулардын санын айына төрткө чейин көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, азыркы учурда айына эки гана жолугушууга уруксат берилет. "Алардын ар бири 3 сааттан ашпашы керек. ЖАМК мекемелериндеги кыйноолорго жана камалгандарга карата таш боор мамилеге байланыштуу бул сунуш өтө актуалдуу", - деди ал.

Өкмөт кылмыш аткаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жөнгө салууну сунуштап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан