Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште "Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.
Анда айрым депутаттар эркек киши камалып кетсе, балдарын ким бага турганын айтышып, мыйзам долбооруна каршы болушту.
Депутат Эльвира Сурабалдиева бул мыйзам долбооруна каршы чыккандарга нааразычылыгын билдирди. "Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам долбооруна эмнеге каршы болуп жатасыздар? Аялдарын сабаган жакындарыңар көппү? Бул кедей үй-бүлөлөрдө эле эмес, бай үй-бүлөлөрдө дагы болот. Аялдарды сабап көнүп калгандарды көрөбүз. Кечээ Бишкекте жигит жакшы көргөн кызын коркутуп, бычак колдонгон. Кыз оор абалда. Сузакта болгон окуядан үй-бүлөнү сактайм деп жатасыңарбы? Аны оорукчан кылып салыптыр. Күйөөсүнүн туугандары кысым көрсөтөт деп коркуп жатышат. Кеп аларды камакка алуу эмес, кеп зомбулукту токтотуу", - дейт ал.