Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда.
Вице-спикер Мирлан Бакиров аталган комиссиянын түзүлгөнү туура болгонун айтты. "Биздин мамлекет укуктук өлкө катары Конституция жана башка мыйзамдар менен жашаганын коомчулукта көрүп жатат. Ар бир айтылган маалымат укуктук талаада жети ай иликтенип, чуулгандуу маалыматтардын аркасынан комиссия түзүлгөн. Демек кол койгон 9 депутат айтылган маалыматтарды, видеотасмаларды көрсөтмөлөрдүн бардыгына ынанып жатат. Видеодо айтылгандай, бул элдин башын айлантууга багытталган маалымат. Атайын кызыкдар адамдар тарабынан даярдалган маалымат экендигине комиссиянын депутаттары ынанып туруп, кол коюп, корутундуну алып чыкты. Көп жумуш болуптур. Комиссиянын түзүлгөнү туура болгон экен. Бүдөмүк суроолорго бир топ жоопторду алдык. Али Токтакунов 100 миң доллар алганы боюнча көрсөтмөгө таянып айтылды. Азыр корутундуда 50 миң доллар деп жүрөт. Аванс алганбы же кандай болгон? Бул боюнча маалымат барбы?", - деп сурады депутат.
Комиссиянын төрагасы Талант Мамытов: "Маалымат тергөө органдарында бар. Эркин Сопоков көрсөтмө берип жатат. "Азаттык" иликтөө жүргүзүп, маалымат каражаттарына ушул фактыларды чыгарып берүүсүнүн эң негизги максаты Хабибулла Абдыкадыровдон Саймаитиге болгон 800 миң долларды кайтаруу болгон деп көрсөтмө берди. Хабибулла Абдыкадыров Стамбул шаарында биринчи кезекте 300 миң доллар, экинчи кезекте 200 миң доллар кайтарып берген деп көрсөтмө берип жатышат. Ошонун негизинде Саймаити Токтакуновго 100 миң доллар беришим керек деп айткандыгы, 50 миң доллар бергенин айткан деп Эркин Сопоков көрсөтмө берип жатат. Бул боюнча тергөө органдары изилдеп чыгып, баа берет", - деди ал.