Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда.
Депутат Марлен Маматалиев "Азаттыктын" иликтөөсүндө айтылган 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси барбы деп сурады.
"Азаттыктын" иликтөөсүнөн кийин сиз, мен, жалпы эле кыргыз эли таң калган. Ошондо иликтөөдө айтылган 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси барбы же жокбу?", - деп Маматалиев комиссиянын төрагасы Талант Мамытовдон сурады.
Мамытов: "Тергөө маалыматтарына ылайык, аталган каражаттар 700 миллион доллар эмес, 932 миллион доллар деп аныкталган. Бул каражат Кыргыз өлкөсүндөгү Кара-Суу базарынан жана Өзбекстандын базарындагы жеке ишкерлердин акчалары экендиги аныкталган. Башка маалымат каражаттары бул жеке ишкерлердин акчалары болуп аныкталганын айтып чыгышты. Комиссия дагы ошондой жыйынтыкка келип жатат. Кошумча тергөө аракеттери жүрүп, бул факты аныкталат", - деди.