Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда кызмат өтөөгө келген 4 жоокер качып кетти

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы ИИМдин ички аскердик бөлүгүндө кызмат өтөөгө келген төрт жоокер качып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин ички аскер бөлүгүнүн басма сөз кызматынын башчысы Азамат Оторбаев билдирди.

"Жоокерлер кызмат өтөөгө келгенден бери обсервацияда жатышкан. Алар кечээтен бери жок болуп жатышат. Жоокерлердин келгенине бир айдай болгон жана ант берише элек болчу. Аларды качып кетти дегенден алысмын. Учурда Аскер прокуратурасы териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деди Оторбаев.

Качып кеткен жоокерлердин экөө Таш-Көмүр шаарынан, бири Ош облусунун Кара-Кулжа районунан, дагы бири Жалал-Абад облусунун Аксы районунан чакыртылганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gitaris93
2020-06-18 19:32:40
Соч болушуптур да ант бергенден кийин статья бар бирок ант берише элек экен аскер прокуратурасы чечет да эми
+5
Omar.
2020-06-18 19:37:49
Неңске кызтекелер
-2
Krai
2020-06-19 07:31:49
Уят эле жигиттер!!! Ак калпак кийип, ата мекенимди коргойм, ата- журт,эр жигит эл четинде жоо бетинде деген сөздөрдү кантип айтаар экенсинер эми
+1
tynar92kg
2020-06-19 08:51:24
Бирөөгө кантип сүйлөйсүңөр эми эркексиңби деп.
+1
Dushabolna
2020-06-19 11:49:28
Азыркы жаштарды кобуроок алып баргылачы аскерге. Карасан эле баары сыланма короз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан