Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку Соттун судьяларын шайлоо боюнча маселени карашты.
Жогорку Соттун судьялык кызматына Күмүшбек Жоомартовдун, Нурланбек Атаназаровдун, Инара Гилязетдинованын, Нурмамбет Эшалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Жогорку Кеңеш Күмүшбек Жоомартовду, Нурланбек Атаназаровду, Инара Гилязетдинованы, Нурмамбет Эшалиевди Жогорку Соттун судьялыгына шайлашты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, шайланган судьялар Жогорку Кеңеште ант беришти.