Бүгүн, 18-июнда парламентке өтүү үчүн босого чегин 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталган. Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Буга "макул" деп 98 депутат добуш берди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азизбек Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов, Алтынбек Сулайманов, Пархат Тулендыбаев, Самат Гүлнара-Клара, Марлен Маматалиев, Ильхом Маннанов, Нурбек Сыдыгалиев, Эрмамат Тагаев, Рада Туманбаева, Улугбек Ормонов, Калдарбек Баймуратов, Умбеталы Кыдыралиев, Бактыбек Турусбеков, Мирлан Бакиров, Абдыбек Дюшалиев, Зиядин Жамалдинов, Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиев.